2021-01-11
2020-жылдын 19-февралында Анталия/Белек аймагындагы Акканат Холдингинин курамында иш алып барган Белек Кемпински мейманканасынын жана Сирене Белек мейманканасынын менеджерлери биздин жогорку мектепте болушту. Бизнес-менеджерлер биздин студенттер менен өздөрүнүн билимдери жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, практикага барууну каалаган студенттер менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.