2021-01-14


1-курстун студенттери менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү! (2020-жылдын 28-октябры)


2020-жылдын 28-октябрында, шаршемби күнү саат 13:30да GoogleMeet сайтында жогорку мектептин Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери менен таанышуу (ориентациялык) жолугушуусу болуп өттү. Студенттер менен жолугушууга жогорку мектептин жетекчилиги, бөлүм башчылары жана окутуучулар жамааты катышты. Студенттерге университет, жогорку мектеп жана бөлүм тууралуу маалымат берилип, суроолоруна жооп берилди.