2021-05-03


"Туризм секторунда адам ресурстарын башкаруунун мааниси" вебинары!! (16-апрель, 2021-жыл)


2021-жылдын 16-апрелинде биздин мектептин окуучулары үчүн “Туризм секторунда адам ресурстарын башкаруунун мааниси” деген темада вебинар болуп өттү. Чакырылган баяндамачы катары катышкан «Алтынел» мейманканасынын башкы директору Мустафа Челиккая мырза өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди.