2024-12-25


Балдар үйүнө зыярат (20-декабрь, 2024-жыл)


2024-жылдын 20-декабрында факультетибиздин Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмү окутуучусу Кымбат Асанованын жетекчилигинде  «Анимация кызматтары» курсунун алкагында Беловодский айылындагы Балдар үйүнө зыярат болду. Иш сапардын жүрүшүндө окуучуларыбыз балдарга түрдүү белектерди берип, анимациялык көрсөтүүлөрдү тартуулашты.