2026-04-15


Айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасы


Факультетибиздин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 10-апрелинде бөлүмүбүздүн 1-курс студенттери менен Байтик айылында айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасы өткөрүлдү. Бөлүм башчыбыз проф. др. Мүждат Эртүрктүн катышуусунда, окутуучуларыбыз ярд. доц. др. Нарынгүл Маргазиева, окутуучу др. Кымбат Асанова, изилдөөчү ассистент др. Ибрагим Гүндогду жана студенттердин академиялык кеңешчиси доц. др. Алпер Ишындын координациясы менен өткөрүлгөн бул тазалоо иш-чарасында жаратылышка ташталган көп сандаган пластик калдыктар, баштыктар жана желим бөтөлкөлөр чогултулду. Иш-чаранын максаты студенттерибиздин айлана-чөйрөнү таза сактоо жана жаратылышты коргоо боюнча аң-сезимин жогорулатуу болду.