2021-10-27

Экскурсиялар: Sheraton Bishkek мейманканасы (22.10.2021)


Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы Кыргызстанда иш алып барган туризм ишканаларына сектор менен кызматташуусун жакшыртуу жана маалымат алмашуу максатында үзгүлтүксүз барып турушат. 2021-жылдын 22-октябрында Sheraton Bishkek мейманканасына экскурсия уюштурулуп, Шератон мейманканасынын башкы менеджери Айтекин Караяка менен пикир алмашып, кызматташуу жолдору талкууланды.