Кыргызстандын туризм тармагына кошкон салымы үчүн сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан уюштурулган. Салтанатта Кыргызстандын туризм тармагына салым кошкондор сыйланышты.
Пишпек ресторанында өткөн салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз-Түрк Манас университетинин Туризм факультетинин деканы Проф. Dr. Ясин Бойлу жана окутуучулар катышты.
Кыргызстандын Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаевдин Кыргызстан туризми тууралуу маалымат менен бөлүшүү сөзү менен салтанаттуу аземин башталды. Андан соң КР Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө туризм негизги ролду ойноорун баса белгилеп, туризмге чоң салым кошкон мекеме-уюмдарга жана өкүлдөргө ыраазычылык такталарды тапшырды.
Академиялык деңгээлде туризм тармагына баалуу салым кошкон окутуучуларга Ардак грамоталарды Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, департаменттин директору Нурмухамед Миңбаев жана департаменттин директорунун орун басары Кыял Кенцематова тапшырышты. Салтанатта Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Проф. Dr. Алпаслан Жейлан жана туризм факультетинин окутуучулары да сыйлыкка татыктуу деп табылды.
Туризм факультетинин туризм жана мейманкана иштетүү кафедрасынын башчысы, Доц. Dr. М. Мурат Кызанлыклы, Туризм бөлүмүнүн башчысы, Доц., эк.и.к. Бакыт Турдумамбетов жана Доц. Dr. Гүнтекин Шимшек жана Гастрономия жана кулинардык искусство бөлүмүнүн окутуучусу Сапаргүл Турдубекова ыйлык алган академиктердин арасында.
Университетибиздин Кыргызстандын туризм тармагына кошкон зор салымы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылган ректор Проф. Dr. Алпаслан Жейландын сыйлыгын ага туризм факультетинин деканы проф. Dr. Ясин Бойлу алды.