Ага окутуучу Динара Исакова 2024-жылдын 27-сентябрында Каракол шаарында өткөн «Туризмде билим берүү: жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» аттуу тегерек столго катышты. Иш-чараны «Дестинация Каракол» бейөкмөт уюмунун Башкармалыгынын Төрайымы Балахишева Мадина Сабыровна алып барды, ага Кыргызстандагы туризм тармагында билим берген эң ири 8 университеттин окутуучулары, ошондой эле алдыңкы эксперттер катышты. Туризмге билим берүү тармагындагы актуалдуу көйгөйлөр жана перспективалар талкууланды.