2024-12-24

КАТОнун 2024 жылын жыйынтыктоо чогулушу өттү (20-декабрь 2024)


2024-жылдын 20-декабрында факультетибиздин деканынын орун басары доц.м.а.,PhD. Нарынгүл Маргазиева жана "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы э.и.к., доц. Бакыт Турдумамбетов Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясынын (КАТО) жылдык жыйынтыктоо жыйынына катышышты. Салтка айланган бул жыйында КАТОнун ишмердүүлүгүнүн жылдык отчеттору каралып, ассоциациянын президентинин, жардамчыларынын жана ревизиондук комиссия мүчөлөрүнүн шайлоосу өткөрүлөт. Бул жылкы жыйындын күндеминде факультетибиздин "Туризм" жана "Мейманкана иши" багыттары боюнча окуу программаларынын талкуусу дагы камтылган. Окуу программаларыбыздын актуалдуулугу, тармактын күтүүлөрүнө жооп бериши өтө маанилүү көрсөткүч болуп саналгандыктан, факультетибиздин жетекчилиги студенттерибизге жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө потенциалдуу иш берүүчүлөр болгон КАТОнун мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин үзгүлтүксүз алууга дайыма кызыкдар. Кошумчалай кетсек, факультетибиз КАТОнун 2007-жылдан берки активдүү мүчөсү да болуп келет.