2021-11-25

Экскурсиялар: Новотел Бишкек (23.11.2021)


Университет менен сектордун ортосундагы кызматташтыгынын алкагында 2021-жылдын 23-ноябрында биздин факультеттин Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучулары Новотель Бишкек мейманканасынзыярат кылышты. Новотель Бишкек мейманканасынын башкы менеджери Роддерих Леффлер, адам ресурстары боюнча менеджери Перизат Курбанова жана тренинг менеджер Акмарал Кошалиева менен маектешип, студенттерибиздин стажировкадан өтүү жана толук эмес иштөө мүмкүнчүлүктөрү, бүтүрүүчүлөрүбүздүн ишке орношуусу жана башка маселелер боюнча пикир алмашуу ишке ашырылды.