Студенттерибизди туризм тармагынын алдыңкы өкүлдөрү менен жолугуштурган салттуу Карьера күнү иш-чарабыздын 6-жолу 2026-жылдын 31-мартында факультетибизде өткөрүлдү. Кыргызстандын алдыңкы мейманканалары, туризм ишканалары, тамак-аш жана суусундук бренддери, ошондой эле туристтик агенттиктери катышкан бул иш-чара студенттердин кесиптик жолун аныктоого багыт берген маанилүү платформа болду.







