2026-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин түзүлүшүнө байланыштуу туризм секторунун өкүлдөрү менен алгачкы жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов тарабынан уюштурулуп, анда тармактагы актуалдуу маселелер кеңири талкууланды.
Иш-чарага факультетибиздин өкүлдөрү — декандын орун басары, доц. м.а. Нарынгүл Маргазиева жана ага окутуучу, э.и.к. Кымбат Асанова катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүү, кызматташтыкты күчөтүү жана жаңы түзүлгөн агенттик менен билим берүү мекемелеринин өз ара байланышын чыңдоо маселелери көтөрүлдү.

