Саякат иши жана туризм гиддиги бөлүмүнүн окуу планында каралган “Кыргызстан боюнча окуу сапары – II” сабагынын алкагында уюштурулган Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча окуу сапары ийгиликтүү аяктады.
Саякат иши жана туризм гиддиги бөлүмүнүн 2-курсунун жалпы 35 студенти катышкан турдун жүрүшүндө Бишкек – Ош – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жайгашкан жана туризм жагынан мааниге ээ болгон тарыхый, маданий, диний жана табигый объектилер зыярат кылынды. 4–9-май күндөрү аралыгында жалпы 6 күнгө созулган бул окуу сапарынын жетекчилиги быйыл окутуучу, д-р Уланбек Алимов тарабынан жүргүзүлдү.







