Саякат иши жана туризм гиддиги бөлүмүнүн окуу планында каралган “Кыргызстан боюнча окуу сапары – III” сабагынын алкагында доц. д-р Эмруллах ТӨРЕН жана доц. д-р Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилиги менен уюштурулган Нарын – Ысык-Көл этабы ийгиликтүү аяктады.
Саякат иши жана туризм гиддиги бөлүмүнүн 3- жана 4-курс студенттеринен жалпы 28 студент катышкан бул тур алдын ала пландалгандай Бишкек – Бурана – Боом – Кувакы – Чоң-Туз – Долон – Нарын – Таш-Рабат – Кошой-Коргон – Ат-Башы – Нарын – Таш-Башат – Бугу-Марал (Нарын мамлекеттик коругу) – Кочкор – Орто-Токой – Ысык-Көл – Бөкөнбаев – Сказка – Барскоон – Жети-Өгүз – Каракол – Кырчын жайлоосу – Чоң-Ак-Суу өрөөнү – Чолпон-Ата – Рух-Ордо – Бишкек багыты боюнча жүргүзүлдү. Сапардын жүрүшүндө туризм жагынан мааниге ээ болгон тарыхый, маданий, диний жана табигый объектилер зыярат кылынып, талаа иштери жүргүзүлдү.








