2026-07-03

Факультетибиздин студенти эл аралык аренада биринчи орунду ээледи


“Жаңы Казакстан” мамлекеттик инновациялык борбору тарабынан уюштурулган сынак аймактын ар кайсы жерлеринен келген таланттуу жаштарды бириктирип, илим, билим берүү, спорт жана коомдук ишмердүүлүк тармактарындагы жетишкендиктерди колдоону максат кылды. Тандоо процессинин алкагында студентибиз Жибек өзүнүн жогорку академиялык көрсөткүчтөрүн жана сабактан тышкаркы активдүү ишмердүүлүгүн чагылдырган портфолио сунуштады. “Саякат иши жана туризм гиддиги” бөлүмүнүн студенти Жибек жогорку деңгээлдеги аналитикалык ой жүгүртүүсү, системалуу мамиле көрсөтүүсү жана бул жөндөмдөрүн практикада колдоно билүүсү менен сыйлыкка татыктуу болду.

Калыстар тобунун баалоосунан кийин Жибек ДҮЙШӨНКУЛОВАга биринчи орун диплому, төш белги, “Орто Азиянын мыкты студенти” статуэткасы, ал эми студентибиздин тайпа кеңешчиси Уланбек АЛИМОВго ыраазычылык каты тапшырылды.

Кыргызстан–Түркия Манас университетинин жана Туризм факультетинин студенттеринин жогорку билим деңгээлин, ошондой эле университетти жана факультетти эл аралык платформада ийгиликтүү көрсөтө билүү жөндөмүн далилдеген студентибизди куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.