2026-10-09

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети менен кызматташуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү


2026-жылдын 6-октябрында факультетибиз менен Казакстандын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ортосунда потенциалдуу биргелешкен иштерди талкуулоо максатында онлайн жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга факультетибиздин деканы проф. др. Нурудин Кыдыралиев, декан орун басарлары, бөлүм башчылары жана окутуучулары катышышты. Жолугушуу учурунда эки ЖОЖ ортосунда өнүктүрүлө турган академиялык кызматташтык, биргелешкен илимий иштер, студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү жана жаңы долбоор мүмкүнчүлуктөрү тууралуу пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары туризм жаатындагы билим берүү тажрыйбалары менен бөлүшүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана факультеттер арасы академиялык байланыштарды бекемдөө маселелери каралды.

Өткөрүлгөн жолугушуу факультетибиздин эл аралык академиялык кызматташтыгын өнүктүрүү жана чөлкөмдөгү окуу жайлары менен байланышын бекемдөө жагынан маанилүү кадам болду.