2022-01-29

Илимий изилдөө долбоору боюнча окуу программасы өткөрүлдү (28-январь, 2022-жыл)


2022-жылдын 17-28-январы аралыгында «Кыргызстандагы мейманкана мекемелеринин эко-энергетикалык сертификатын киргизүү боюнча сунуш» илимий изилдөө долбоорунун «көз карандысыз аудиторлорду даярдоо программасы» онлайн режиминде өттү. Кыргызстандагы мейманканалардын жетекчилери жана министрлик өкүлдөрү болгон 20 катышуучуну камтыган тренинг экология жана туризм тармагында жалпысынан 30 саатка созулду. Университетибиздин Инженердик факультети, Экологиялык инженерия жана Туризм факультети, Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулук курамдары тарабынан берилген окуу программасынын жабылыш сессиясына Туризм факультетинин деканы Проф. Dr. Ясин Бойлу жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун директору доц. Dr. Эркан Эфилти да катышып, мындай долбоорлордун жана билим берүү программаларынын Кыргызстан туризми жана университетибиз үчүн маанисин баса белгиледи. Баалоо сынагынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан берилген сертификаттар жакынкы күндөрү тапшырылат.