2023-02-04

Практика Тууралуу Маанилүү Маалымат (4-февраль, 2023-жыл)


Сүйүктүү студенттерибиз, 

Маалым болгондой эле, факультетибиздин окуу программасындагы Өндүрүштүк практика I, Өндүрүштүк практика II жана Өндүрүштүк практика III сабактары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасы» менен Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин «Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча туризм багытында өндүрүштүкпрактика жөнүндө жобосунун» негизинде ишке ашырылып келет. Факультетибиздин ар бир студенти, жогоруда айтылган Жобонун шарттарына ылайык, практика ѳтүү үчүн ишкана таап, факультетибиздин практика боюнча комиссиясына билдирүүгѳ жооптуу. Факультетибиздин практика боюнча комиссиясы болсо, практика  ѳтүү жерин аныктоо, практиканы баштатуу, практиканы ийгиликтүү ишке ашыруу, практиканы баалоо сыяктуу функцияларды аткарууга милдеттүү жана факультетибиздин Башкаруу кеңешинин алдында иш алып барат. 

Факультетибиз студенттердин өндүрүштүк практикаларында факультет-студент-ишкана кызматташтыгында бул үчилтиктин бир тарабы катары Кыргызстан менен Түркиянын алгылыктуу туризм секторунун корпоративдик ишканалары менен кызматташууга аракет кылууда. Ошондон улам, факультетибиздин бѳлүмдѳрүнѳ кызматташтык сунушу менен кайрылгандардын да саны арбын болууда.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин «Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча туризм багытында кесиптик-профилдик практика жөнүндө жобосунун» 7-беренесине ылайык, кесиптик-профилдик практикалардын алкагында квалификациялуу корпоративдик ишканалар менен түздөн-түз байланыш түзүү жана кызматташуу олуттуу мааниге ээ болуп, ар кыл ортомчу ишканалар менен иш алып барбайбыз. Ошондой эле, өндүрүштүкпрактикалардан сырткары, жеке мүмкүнчүлүктѳрдѳн пайдаланып, ар кыл ортомчу ишканалардын жардамы менен Кыргызстандан башка мамлекеттерге барып жатышкан студенттерибиз үчүн университетибиз да, факультетибиз да эч кандай жооптуу эмес. 

Ѳзгѳчѳ, Германия же Түркияда иштеп жаткан адам ресурстары, билим берүү же консалтинг фирмалары сыяктуу ортомчу уюмдардын Кыргызстандагы ѳкүлчүлүктѳрү менен факультетибиздин эч кандай кызматташтык келишими жок. Жогоруда да айтылгандай эле, окуу жайыбыздын Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча туризм багытында кесиптик-профилдик практика жөнүндө жобосунда да, ушул сыяктуу ишкана жана уюмдар менен кызматташтык жүргүзѳ албай тургандыгыбыз ачык жана даана айтылган. 

Терең урматтоо менен.

ТУРИЗМ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНАТЫ