2019-11-19


'TOURİSM AWARDS 2019' Кыргыз-Түрк "Манас" Университети Туризм тармагында эң мыкты окуу жай сыйлыгына ээ болду


Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин бүгүнкү күнгө чейин аткарылып келген иш чаралардын натыйжасында мамлекет жана коомдук ассоциациялар тарабынан бир канча алкыш жана сыйлык алууга татыктуу болууда.  27 сентябрь 2019-ж Эл аралык туризм күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти уюштурган  "Kyrgyz Tourism Awards-2019" улуттук премиясында Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Туризм тармагы боюнча эң мыкты билим берген окуу жайы» деген номинацияда ийгиликке жетише алды.