2019-12-10


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эмгек жамааты КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.


 

2019-жылдын 5-ноябрында Ректораттык Сенаттын залында «Манас» университетинин ийгиликтүү окутуучуларына сыйлыктарын ректор проф.Себахаттин Балжы жана ректордун орун басары проф. Асылбек Кулмырзаев берген. Манастыктар ак ниет эмгеги, жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн министрликтин маанилүү сыйлыктарынын бири болгон Ардак грамотага татыктуу болушту.  Бул сыйлыкка татыктуу деп табылган Манас университетинин окутуучулары Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн ага окутуучусу Анипа Сулайманкулова , Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр бɵлүмүнүн ага окутуучусу Динара Исакова болду.