2020-12-16


«ЧЕТ ӨЛКӨДӨ АШПОЗЧУ БОЛУУ» АТТУУ СЕМИНАР (15/12/2020)


Онлайн семинарлар сериясынын алкагында, Күтахия Думлупынар университетинин окутуучусу Др. Сердар Эрен тарабынан «Чет өлкөдө ашпозчу болуу» аттуу семинар өткөрүлдү. Сердар Эрен чет өлкөдө ашпозчу болуунун мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Curisiline круиздик кемелеринде ашпозчу болуунун мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, студенттердин ашпозчулук кесип боюнча суроолоруна жооп берди.