2021-12-23


БОЛУМДУН СТУДЕНТТЕРИНИН АТА ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЧОГУЛУШУ (10 декабрь 2019)


10 декабрь 2019-жылы  Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттеринин ата-энелери/жакындары менен Жогорку мектебибиздин имаратында жолугушуу өткөрүлдү. Ата-энелерге окуутуу программасы, окуу шарттары жана сунулган мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилип кампус, жатакана, ашкана жана жогорку мектептин лабораториялары көрсөтүлдү. Ата-энелерге  окутуу системасында болгон өзгөрүүлөр тууралуу толук маалымат берилип, ой пикирлер талкууланды.