2021-12-24


СЕКТОРДОН СЕМИНАР: ОРИОН МЕЙМАНКАНА (26/11/2021)


2021-жылдын 26-ноябрында GMS-209 "Иш этикасы" сабактын алкагында бөлүмдүн ага окутуучусу Сапаргүл ТУРДУБЕКОВАНЫН демилгеси менен Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин 2005-жылкы бүтүрүүчүсү, «Орион» мейманканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Асел Борбиева студенттер үчүн «Иш этикасынын максаттары» аттуу онлайн семинар өткөрүп берди. Семинарда меймандостук тармагында карьера жасоонун негизги пункттары жана адам ресурстарын башкаруудагы этиканын максаттары түшүндүрүлдү.