2021-12-24


И. РАЗЗАКОВ ат. КМТУ ОКУТУУЧУЛАРЫ ФАКУЛЬТЕТИБИЗГЕ КОНОК БОЛУШТУ (08/12/2021)


Студенттерди окутуунун жаңы технологиялары менен таанышуу жана университеттер арасында тажрыйбалар менен бөлүшү иш-чараларын алкагында «Ресторан иши жана кулинардык өнөр» бөлүмүнө 8-декабрь, 2021-жыл И.Раззаков атындагы КМТУнин Технологиялык факультетинин, ТПОП кафедрасынын башчысы т.и.к. Толгонай Кошоева жана ага окутуучусу Алтынай Саалиева конок болуп кетишти. Бөлүмдүн окутуучулары проф. Нурудин Кыдыралиев, ага окутуучусу Исакова Д., ага окутуучусу Саматова Г. жана ага окутуучусу Турдубекова С. бөлүмдүн  тамак даярдоо, нан бышыруу, тейлөө жана бар лабораторияларга экскурсия өткөрүштү.