2021-12-24


КЕСИПТИ ТААНУУ: SHERATON BİSHKEK


 2021-жылдын 07-декабрында Туризм факультетинин, ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр бɵлүмү  1-курсунун студенттери тармак менен жакындан таанышуу максатында Др.Гүлмира Саматованын жетекчилигинде экскурсия уюштурулду. Sheraton Bişkek Hotel  менеджери Салих Гүнайдын мырза мейманкананын бардык бөлүмдөрү менен тааныштырып, бөлүмдөрдүн иши тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, «Шератон Бишкек» мейманканасында иштеген туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрү студенттерге туризм тармагында жана Sheraton Bişkek мейманканасында карьера жасоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.