2021-12-24


КАЛЫСТАР ТОБУНДА МҮЧӨЛҮК (10/12/2021)


2021-жылдын 10-декабрында Кыргызстан ашпозчулар Ассоциациясы тарабынан жаш-ашпозчулар арасында «WorldSkills - Shanghai 2022» эл аралык сынагына катышуу үчүн кастинг сынагын өткөрдү. Калыстар тобуна көз карандысыз эксперт катары Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн окутуучулары Сапаргүл Турдубекова менен Надира Турганбаева чакырылган. Сынак WACS тарабынан бекитилген эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлдү.