2022-03-07


Карьера күнү: Hyatt Regency Hotel Bishkek (25/02/2022)


2022-жылдын 25-февралында Бишкектеги ири мейманканалардын биринде Hyatt Regency Hotel Bishkek мейманканасында Карьера күнү өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мейманкананын Кадрлар бөлүмүнүн жана Тамак-аш жана суусундук бөлүмүнүн жетекчилери Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине, отельде жайкы практиканы өтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.