2022-04-29


Ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу: 28/04/2022


2022-жылдын 28-апрелинде Туризм факультетинин  Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттеринин ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өттү. Факультеттин деканы проф.док. Ясин Бойлу ачылыш сөзүндө ата-энелерге жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөргө  ыраазычылык билдирип, студенттерге окууларына ийгиликтерди каалады. Бөлүмдүн башчысы проф.док. Нурудин Кыдыралиев өз сөзүндө окуу жайдын окуу шарттары жана сунушталып жаткан мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, жаңы окуу программа тууралуу кеңири маалымат берди. Ата-энелердин атынан Шамбеталиев Канатбек Ыбыкеевич, Кокеева Чынара жана Мадин Итикеев сөз сүйлөп, сапаттуу билим берип жаткан университетке жана факультеттин профессордук-окутуучулар жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.  2015, 2016, 2019, 2020-жылдын бүтүрүүчүлөр атынан Нурзада Эсенкадыр кызы, Рысгүл Сейитмамет кызы,  Канат Султанбеков жана Айдай Шакир кызы сөз сүйлөштү. Ата-энелерге кампус, жатакана, медпункт, ашкана жана лаборатория менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.