2022-11-29


Стандартташтыруу жана метрология борборуна экскурсия 23/11/2022


2022-жылдын 23-ноябрда Туризм факультетинин “Ресторан иши жана кулинардык өнөр” бөлүмүнүн ага окутуучусу Др. Гүлмира Саматованын жетекчилигинде “Өлчөм таануу, стандартташтыруу жана тастыкташтыруу”  сабагынын алкагында 3 жана 4-курстун студенттерине  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборуна экскурсия уюштурулду. Бул сапарда студенттер метрология тармагында колдонулган лабораториялар жана приборлордун иштөө процесси тууралуу маалымат алышып, өлчөм таануу процессине жакындан байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.