2023-12-11


БӨЛҮМДҮН СТУДЕНТТЕРИ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАП КЕЛИШТИ: 08/12/2023


Кыргыз-Түрк "Манас" университетибиздин Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттери "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборуна барып, балдарга келе жаткан Жаңы Жыл майрамдык маанай тартуулап, белектерди жана кичинекей концерттик программа уюштуруп маанайларын көтөрүп келишти. Мындай иш-чаралар бөлүмдө жыл сайын аткарылып келет жана студенттер өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылышат.