2025-04-07
2025-жылдын 20-март күнү Туризм факультетинин ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү студенттери үчүн «Жетекчилердин компетенцияларын өнүктүрүү" семинары бөлүмдүн бутуруучүсү «Kaynar –Group» компаниясынын Zerno чынжыр ресторандар башкаруучусу Замирбек ОБОЛБАЕВ тарабынын өттү. Семинардын модератору э.и.к. ага окутуучу Гулмира САМАТОВА атаандаштык мезгилинде ишкана башкаруучулардын компетентүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Иш- чарада Замирбек ОБОЛБАЕВ жогорку окуу жайында алган билиминин маанилүү максаттарга жетүү үчүн колдонулганын баса белгилеп, студенттерге заманбап башкаруу стратегиялары жөнүндө кеңири маалымат берди.