2025-04-10
2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн бөлүм башчысы проф., т.и.к. Нурудин Кыдыралиев тарабынан "Туура тамактануунун негиздери" аттуу билим берүү семинары уюштурулду.
Семинардын максаты – туура тамактануунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаш муундун ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүү. Катышуучулар балансталган тамактануунун негизги принциптери, рациондун ден соолукка жана ишке жөндөмдүүлүккө тийгизген таасири, ошондой эле пайдалуу тамактануу адаттарын калыптандыруу боюнча керектүү маалыматтарды алышты.
Иш-чарага Бишкек ш. №10 жана № 91 Кесиптик лицейдин студенттери жана окутуучулары, туризм факультетинин окутуучулары, студенттери жана туура тамактануу темасына кызыккан башка бөлүмдөрдүн өкүлдөрү активдүү катышты. Семинар катышуучулар арасында чоң кызыгууну жаратып, ден соолук жана тамактануу маданияты боюнча билимдерди арттырууга өбөлгө түздү. Келген коноктор семинардан кийин, бөлүм студенттери тарабынан даярдалган туура тамактанууга багытталган тамактарды тартуулап, даам татып кетишти. Уюштуруучулар мындай иш-чаралар мындан ары да улантылып, жаштар арасында ден соолук маданиятын жайылтууга багытталган демилгелер көбөйөрүн белгилешти.