2026-02-18
«Иш-чара менеджменти» сабагындагы конок лекциясы
2026-жылдын 16-февралында «Иш-чараларды башкаруу» сабагынын алкагында ага окутуучу Динара Исакованын колдоосу менен конок лекциясы өткөрүлдү. Лекцияга Арт-директор жана ивент-менеджер Тим Термечиков, ошондой эле SMM адиси Минура Жороева катышты.
Спикерлер өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, чыгармачыл индустриялар жана коммуникациялар багытындагы заманбап тенденциялар тууралуу айтып беришти. Студенттер суроолорун берип, иш-чараларды уюштуруунун практикалык жактарын талкуулашты.
.jpeg)
