2026-03-11
Эл аралык кызматташтыкты жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнүн алкагында 5 март биздин кафедра Казакстандан келген докторантты кубаныч менен тосуп алды. Биздин конок Тараз шаарынан келип, Дулат Тараз мамлекеттик университетин өкүлдөдy.
Окутуучулар курамы жана докторанттар үчүн семинар уюштурулуп, анда биздин казак кесиптешибиз өз университети тууралуу айтып берип, билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүп жаткан илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү. Семинардын катышуучулары жалпы илимий кызыкчылыктарды талкуулап, мындан ары кызматташуунун жолдорун белгилешти.

