2026-03-13


Факультетибиздин деканы «Архимед» билим берүү борборунда лекция окуду


Факультетибиздин деканы, Проф. Док. Нурудин Кыдыралиев, 10 февраль, «Архимед»  мектебинде окуучулардын ата-энелерине лекция окуду. Илимдик жана билим берүү кызматташуусунун алкагында өткөн бул иш-чара мектеп окуучуларынын тамактануусунун өзгөчөлүктөрүнө арналды.

Лекцияда билим берүү процессинде балдардын рационалдуу тамактануусун уюштурууга байланыштуу маселелер баса белгиленди. Айрыкча тамак-аштын сапаты менен эс тутум, көңүл буруу, концентрация жана окуудагы жетишкендик сыяктуу когнитивдик функциялардын ортосундагы байланышка өзгөчө көңүл бурулду.

Лекциянын аягында окуучулардын курагына жараша тамактануу боюнча сунуштар берилди.

Биз «Архимед»  мектебине чакыруу үчүн ыраазычылык билдиребиз!