2026-04-06


CTmax системасынын негиздөөчүсү менен жолугушуу


Бөлүм CTmax (ресторандар үчүн инновациялык автоматташтыруу системасы) программасынын негиздөөчүсү жана башкы иштеп чыгуучусу Жолдошбеков Максат Мукамбеткалиевич менен жолугушуу өткөрдү. Бул программалык камсыздоо факультеттин компьютердик лабораториясына орнотулуп, студенттер эми чыныгы профессионалдык программалык камсыздоону колдонуп окуй алышат. Максат агай программанын ички иштерин түшүндүрүп, ресторан ээлерине чыгымдарды минималдаштырууга жана идеалдуу кызмат көрсөтүүгө жардам бергенин айтты. Студенттер практикада чыныгы учурларды талдап, лоялдуулук программасын түзүүдөн баштап, эң жогорку жүктөм учурунда запастарды башкарууга чейинки маселелерди карашты.