2026-04-28
Бөлүмдүн "Фотосүрөтчүлүгү жана Стилистика" сабактын алкагында 3- жана 4-курстун студенттердин арасында «Кыргыз көчө тамактары» темасында фотосынак уюштурулду. 2026-жылдын 24-апрелинде өткөн көргөзмө жана сыйлык тапшыруу аземинде, студенттердин бир жума бою өз жабдыктары менен тарткан фотосүрөттөрү көрүүчүлөргө сунушталды.
Сынакка 20га жакын студент катышты. Жюри курамында университетибиздин ардактуу агай-эжелери катышты:
Көркөм сүрөт факультетинин доцент м.а., PhD Бану Эрдоган Чакар,
Радио-ТВ жана кино бөлүмүнүн адиси Фахри Тархан,
Туризм факультетинин бүтүрүүчүсү жана фотосүрөт адиси Айпери Асанкулова болду.
Жеңүүчү студенттер:
1-орун: Самар Талантбеков
2-орун: Жаныл Абдулхариева
3-орун: Жанара Бейшеналиева
Кызыктыруучу сыйлыктар:
Мыкты композиция: Умар Жакып уулу
Мыкты оригиналдуу фото: Арсен Чернов
Мыкты эстетикалык фото: Гүлзар Равшанбек кызы
Жюринин атайын сыйлыгы: Самар Талантбеков
Көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгы: Махабат Маматжанова
Белектерди камсыздаган бардык демөөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз!



