2026-11-27


«Салттуу кытай чай аземи (Гунфу ча)» темасында мастер-класс өткөрүлдү: 27/11/2026


2026-жылдын 27-ноябрында окутуучу Динара Исакова жүргүзгөн «Суусундуктар технологиясы» сабагынын алкагында Ырысгул Каленова тарабынан «Салттуу кытай чай аземи (Гунфу ча)» темасында мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер кытай чай маданиятынын тарыхы, философиясы жана Гунфу ча аземин өткөрүүнүн негизги этаптары менен таанышышты. Ошондой эле катышуучулар чай даярдоо жана сунуу процесси боюнча практикалык көрсөтмөгө күбө болушту.

Өткөрүлгөн мастер-класс студенттердин суусундуктар маданияты боюнча билимдерин тереңдетип, дүйнөлүк чай салттарына болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.