2021-12-03


Даярдоо курсунун студенттери жана студенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу


Бөлүмүбүздүн башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов 2021-жылдын 30-ноябрь күнү Туризм факультетинин даярдоо курсундагы группалардын старосталары жана факультеттин студенттик кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Туризм факультетинде жана айрыкча "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүндөгү окуу талаптары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтар берилди. Андан сырткары Бөлүм башчыбыз студенттер менен убакытты кантип туура пайдалануу керектиги тууралуу, чет тилдерин азыртадан жакшылап окуу жөнүндө кеп-кеңештери менен бөлүштү.