2021-12-03


Бөлүмдүн жаңы Практикалык сабактарды өткөзүү жайы


Сүйүнчү десек жаңылбайбыз!!! Себеби бөлүмдүн жылдар бою чечилбеген чоң бир көйгөйү чечилип, атайын практикалык сабактарды өткөзүүчү жайыбызга ээ болуп олтурабыз. Бул маселени чечкенге чоң себепчи болгон Ректорлугубузга жана Деканатыбызга, айрыкча саатына акы төлөнүүчү кызматтагы окутуучубуз Нурсултан Сыдыков менен бөлүмдүн 1-курсунун студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз! 

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында университетибиздин ардактуу коноктору - Коомчулукка негизделген туризм (CBT) кыргыз ассоциациясынын мүдүрү Асылбек Ражиев жана Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын (КАТО) президенти Сергей Глуховеров менен биргеликте бул практикалык сабактарды өткөзүүчү жайыбыздын ачылыш аземи болду.