2022-03-24


"Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери


Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн мындан туура 10 жыл мурунку, б.а. 2012-жылкы бүтүрүүчүлөрү Илияз Иманалиев жана Гүлзат Алдашовалар өзүлөрүнүн кесиптик ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшүп, студенттерибизге кеп-кеңештерин беришти. Учурдагы пандемия, Украинадагы аскердик абал сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдөн Кыргызстандын туризм тармагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алары тууралуу баалуу ойлорун ортого салышты.