2022-04-25


KyrgyzFriends туристтик фирмасынын зыяраты


Жума күнү, 2022-жылдын 22-апрелинде KyrgyzFriends туристтик ишканасынын негиздөөчүлөрү жана менеджерлери бул компанияда иштеп жаткан эски студентибиз Күлчоро Кадыралы уулу менен бирге биздин кафедрага жана факультетке таанышуу сапары менен келишти. Факультетибиздин деканы проф.др. Ясин БОЙЛУ, бөлүм башчыбыз доц.др. Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ менен мүмкүн болгон кызматташуулар, долбоорлор жана өз ара салымдар тууралуу маалымат алмашылды. Андан соң конокторубуз биздин факультетибизди кыдырып чыгышты.