2022-12-15


Аламүдүн капчыгайына кезектеги окуу-практикалык экскурсия уюштурулду. 14-декабрь, 2022


Шаршемби күнү, 2022-жылдын 14-декабрында Аламүдүн өрөөнүнө жана ал жерде жайгашкан «Жаннат-Резорт» мейманканасына доц., др. Бакыт Турдумамбетов тарабынан бөлүмүбүздүн 4-курсунун студенттери үчүн окуу-практикалык экскурсия уюштурулду.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, студенттерибиз үчүн баалуу убактысын аябаган жана 2 сааттан ашык кызыктуу экскурсия уюштуруп беришкен «Жаннат-Резорт» мейманканасынын жетекчилери Медер мырзага жана Эркайым айымга терең ыраазычылык билдиребиз.

STR-417 "Туруктуу туризм" сабагынын практикалык бөлүгүнүн алкагында жасалган бул сапардын экинчи бөлүгү Аламүдүн өрөөнүнүн кээ бир трекинг маршруттарынын кыш айларындагы абалын карап чыгуу үчүн кыска сейилдөө менен аяктады.