2023-03-02


Жаздын биринчи күнү "Кыргызстан боюнча окуу туру I" сабагынын алкагында Аламүдүн капчыгайына экскурсия уюштурулду. 1-март 2023


Шаршемби күнү, 2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн өрөөнүндөгү «Jannat Resort» мейманканасына доц. др. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилиги алдында 1-курстун студенттери үчүн экскурсия уюштурулду.

Аталган мейманкананын жетекчилери менен жолугуп, ичиндеги бардык бөлүмдөр менен кенен таанышып чыккандай кийин Аламүдүн капчыгайында бир треккинг маршруту боюнча студенттер жөө жүрүш кылышты. Жөө жүрүштүн соңунда окуучулар 2 командага бөлүнүп, тоо шартында чатырларды тез жана сапаттуу тиккенди үйрөнүштү.

Ошентип, "STJ-194 Кыргызстан боюнча окуу туру I" курсун ишке ашыруунун алкагында 3 күндүк Бишкектин тегерегиндеги экскурсиялардын экинчи 1 (Бир) күндүк бөлүгү да аяктады.