2023-05-11


Кыргызстан боюнча окуу-практикалык саякат III (1-5-Май, 2023)


"Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн окуу программасында орун алган "Кыргызстан боюнча окуу туру-III" курсунун алкагында, доц., э.и.к. Бакыт Турдумамбетовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн Нарын – Ысык-Көл облустары боюнча практикалык окуу саякаты ийгиликтүү аяктады. Бөлүмүбүздүн 3-4-курсунун студенттери катышкан саякат мурда пландаштырылгандай Бишкек - ​​Бурана - Боом - Кувакы - Чоң-Туз - Долон - Нарын - Таш-Рабат - Кошой-Коргон - Ат-Башы - Нарын - Кочкор - Орто-Токой - Ысык-Көл - Бөкөнбаев - Барскоон - Жети-Өгүз - Каракол - Бостери - Чолпон-Ата - Рух-Ордо - Чоң-Кемин - Бишкек маршруту боюнча жүргүзүлүп,  анын боюндагы тарыхый-маданий, диний жана жаратылышка байланыштуу туристтик объектилер менен жеринен таанышуу менен биргеликте, чакан талаа изилдөөлөрү менен коштолду. Бул жылы саякат учурунда Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаап, тоолуу ашууларда транпорттук коопсуздук коркунучу жаралгандыгына байланыштуу Нарын мамлекеттик коругунун Бугу-Марал комплексине жетүү мүмкүн болбой, анын ордуна Нарын шаарында кененирээк сити-тур уюштурулду. Бул жылы да жылдагыдай студенттерибиздин пайдасына Нарын шаарында 2 күндүк жайгашуу үчүн арзандатуу кылып берген "Хан-Тенгри" отелинин жетекчилигине бөлүмүбүздүн атынан терең ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгилик кааламакчыбыз!