2023-10-19


"Бир турдун анатомиясы" аттуу кесипкөйлүк семинары уюштурулду 19/10/2023


Факультетибиздин "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн 3-4-курсунун студенттери үчүн «Бир турдун анатомиясы» аттуу кесипкөйлүк маалыматты арттыруучу семинар уюштурулду. Семинардын ачылышында бөлүм башчысы Доц., Др. Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ бөлүмүбүзгө Түркиядан быйыл жаңы келген Доц.м.а, Др. Туран ОКУЛ мырзанын теоретик эле мугалим болбостон, туристтик рынокто иштеген практик адис экендигин баса белгилеп, студенттерге семинардын пайдалуу болушунан күмөн санабастыгын билдирди. Семинарда студенттерге профессионал туристтик гид жана Доц.м.а, Др. Туран ОКУЛ тарабынан турду иштеп чыгуу, уюштуруу, гиддин иштеши тууралуу маанилүү маалыматтар берилди.