2023-11-09


Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө зыярат (социалдык жоопкерчилик иш-чарасы). 8-ноябрь 2023-ж.


Бишкектен 40 км аралыкта Беловодское айылында орун алган, Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн кичинекей жардамы 8-ноябрь күнү жеткирилип берилди. Бул иш чара ага окутуучу Анипа СУЛАЙМАНКУЛОВАнын жетекчилиги алдында бөлүмүбүздүн 2-курсунун активдүү студенттери тарабынан уюштурулду. Балдар үйүнө Бөлүм мугалимдери - 3270 сом, 4-курс студенттери - 7150 сом, 3-курстун студенттери 5000 сом, 2-курстун студенттери - 4600 сом жана 1-курстун студенттери - 2200 сом чогултуп беришип, натыйжада жалпы 22220 сом топтолгон. Бул суммага балдар үчүн керектүү буюмдар, азык-түлүк жана белектер сатылып алынып, Балдар үйүнө тапшырылды.