2023-11-23


“Саякат агенттиктериндеги бизнес операциялар” аттуу кесипкөйлүгүн жогорулатуу семинары болуп өттү. 22-ноябрь 2023-жыл


Факультетибиздин "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмү тарабынан студенттерге «Саякат агенттиктеринде бизнес операциялар» аттуу кесиптик өркүндөтүү семинары уюштурулду. Семинарды ачылышында декандын орун басары доц. Dr. Гүнтекин Шимшек сөз алып, бөлүм башчысы доц. Dr. Бакыт Турдумамбетов да катышты.

"Дорак Холдинг" туристтик агенттиктеринин түрдүү бөлүмдөрүндө операция менеджери болуп иштеген Ниязи Гөкхан Ялчын семинарга Түркиядан онлайн баяндамачы катары катышып, баалуу билим жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Модератор катары кафедранын окутуучусу доц.м.а. Dr. Туран Окул иш-чараны алып барды. Семинар студенттердин Ниязи Гөкхан Ялчынга кесиптин бизнес өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кызыккан суроолорун беришип, адистик жооптор менен аяктады.