2023-12-04


"Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркына окуу-практикалык саякат. 1-декабрь 2023


Кыш айынын биринчи күнү, 2023-жылдын 1-декабрында STR-417 Туруктуу туризм сабагынын практикалык темаларынын алкагында "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркына окуу саякаты уюштурулду. Төртүнчү курстун студенттери үчүн уюштурулган бул практикалык окуу турунда бөлүм башчыбыз э.и.к., доц. Бакыт Турдумамбетов "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын учурдагы иш-аракеттерин туруктуу туризм алкагында баалап, келечектеги кесиптештери менен ой-пикирлерин бөлүштү.