2023-12-04


Эл аралык конференцияга катышуу


2023-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттеринин уюму жана Азербайжан мамлекеттик туризм агенттиги тарабынан уюштурулган «Түрк элинин маданий туризмге көз карашы» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга биздин кафедранын ага окутуучусу, Ph.D. Уланбек Алимов «Түрк дүйнөсүнүн контекстинде Кыргызстандын маданий туризми» аттуу баяндамасы менен катышты.